Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-56/08 МД - иши № 06-00358/09.АД - көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Альпиева А.Н., судьялар: Максимбекова Д.И. жана Сыдыков О.С., соттук отурумдун катчысы: Н.Калиевдин, тараптар: жаран «Эридан-2ООО» дыйкан чарбасынын жетекчиси Ж.Курумбековдун ыйгарым өкүлдөрү - И.М.Копонованын (2009-жылдын 29-сентябрындагы ишеним катынын негизинде) жана А.А.Ниязовдун (2009-жылдын 30-сентябрындагы табыштоо ордеринин негизинде) катышуусу менен, ачык соттук отурумда «Эридан-2000» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн «Эридан-2000» дыйкан чарбасынын жетекчисине, Кугарт айыл өкмөтүнө, «Кыргыз айыл техсервис» акционердик коомуна карата «Эридан-2000» дыйкан чарбасынын 2004-жылдын 20-апрелиндеги жалпы чогулушунун токтомун, Кугарт айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-декабрындагы № 290 буйругун, лизинг компаниясынын Президенти Бегалиевдин 2005-жылдын 1-апрелиндеги буйругун жана «Жерге-Тал» дыйкан чарбасынын 2005-жылдын 1-апрелиндеги буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы боюнча кабыл алынган Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 28-октябрындагы чечимине жана Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык соттук коллегиясынын 2009-жылдын 27-майындагы токтомуна келтирген Ж.Курумбековдун көзөмөл тартибиндеги арызы боюнча административдик ишти карады. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 28-октябрындагы чечими менен «Эридан-2000» дыйкан чарбасынын мүчөлөрүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Арыздын «Эридан-2000» дыйкан чарбасынын 2004-жылдын 20-апрелиндеги жалпы чогулушунун токтому жараксыз деп табуу жөнүндөгү бөлүгү боюнча иш токтотулган. Кугарт айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-декабрындагы № 290 буйругу жана «Жерге-Тал» дыйкан чарбасынын 2005-жылдын 1-апрелиндеги буйругу жокко чыгарылган. Арыздын лизинг компаниясынын Президенти Бегалиевдин 2005-жылдын 1-апрелиндеги буйругун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү бөлүгү кароосуз калтырылган (төрагалык кылуучу: Айжигитов А.). Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 27-майындагы токтому менен биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөртүүсүз, ал эми кассациялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган (судьялар: Осмоналиев К., Сарыков Ю., Чаканов Э.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|