Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ ЭТ 06-9/С1 пр03 № 06-404/09 ЭД иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Максимбекова Д.И., Аманалиева Б.К. (баяндамачы судья), сот отурумунун катчысы: Калиев Н., тараптар: «Бакай-Таш» айыл-чарба кооперативинин атайын администратору А.М.Эшенкуловдун катышуусунда соттун ачык отурумунда «Бакай-Таш» айыл чарба кооперативинин Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 13-июлундагы аныктамасына, ал аныктама менен Ж.Чодроновдун өтүнүчү канааттандырылып, Талас областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 6-мартындагы чечимине кассациялык даттануу келтирүү процессуалдык мөөнөтү узартылган, жана Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 31-июлундагы чечимине карата келтирген даттануусун карап, ал чечим менен биринчи инстанциядагы соттун чечими бузулуп, иш доо арыз берүү өндүрүшү менен кайра кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жиберилген (судьялар: Калканов С.С., Маматбекова А.М., Кенжешов М.М.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Б.Аманалиеванын иш боюнча берген баяндамасын, ишке катышкан тараптын түшүндүрмөлөрүн угуп, тапты: Талас областынын райондор аралык сотуна «Бакай-Таш» айыл чарба кооперативинин атайын администратору Талды-Булак айылындагы Центральная көчөсүндөгү № 16 үй «Бакай-Таш» айыл чарба кооперативинин менчиги экендигин аныктап берүү арызы менен кайрылган. Арызда, аталган даректеги үй «Бакай-Таш» кооперативине таандык экендиги 2001-жылдын 1-январында түзүлгөн «Бакай-Таш» жылкы заводунан «Бакай-Таш» айыл чарба кооперативине активдерин өткөрүп берүү актысында, ошондой эле чарбанын негизги каражаттарды каттаган китебинде көрсөтүлгөн, андан тышкары «Бакай-Таш» кооперативин карызынан куткаруу максатында Талас районунун салык инспекциясы тарабынан 2002-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн аукционго коюлган мүлктөрдүн тизмесине киргизилген деп негизделип, бирок үйдүн кооперативдин менчиги болгондугу тууралуу документи жок болуп, аны сатууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан сотко кайрылууга туура келип жаткандыгы белгиленген. Биринчи жана кассациялык инстанциядагы соттор тарабынан жогорудагыдай соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|