Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-110/09МД № 06-570/09 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Аманалиева Б.К., судьялар: Арстанбаева Д.Э., Сыдыков О.С., сот отурумунун катчысы: Калиев Н., котормочу: Бектурганова Р., тараптар: Ж.Турсунбаеванын өкүлү - Турсунбаев И. (2009-жылдын 24-февралындагы ишеним кат) жана адвокаты Сарымсаков А. (2009-жылдын 8-декабрындагы табыштоо ордери), Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин өкүлү - Сагынбекова Д.Э. (2009-жылдын 3-декабрындагы ишеним кат), Жалал-Абат областтык прокуратурасынын өкүлү - Жаныш уулу Нурлан (2009-жылдын 15-декабрындагы ишеним кат), Г.Кистанованын катышуусунда, соттун ачык отурумунда Жалал-Абат областтык прокуратурасынын Жалал-Абат областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 6-августундагы чечимине, ал чечим менен Ж.Турсунбаеванын арызы канааттандырылып, Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусунун турак-жайды өткөрүү жөнүндөгү 2003-жылдын 12-февралындагы токтому жараксыз деп табылган (төрагалык кылган: Айжигитов А.), жана Жалал-Абат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 29-сентябрындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл сунушун карап, ал аныктама менен биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган (судьялар: Чаканов Э.С., Алимбеков М.Р., Сарыков Ю.С.), баяндамачы-судья Б.Аманалиеванын иш боюнча берген баяндамасын жана ишке катышуучулардын түшүндүрмөлөрүн угуп, тапты: Жаран Турсунбаева Жаннатбү Жалал-Абат областынын райондор аралык сотуна Ала-Бука районунун соттук аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусунун 2003-жылдын 12-февралындагы, өткөрүп берүү актынын негизинде материалдык чыгымды өндүрүү эсебинен Б.Темирбаевке таандык болгон, Ала-Бука районунун Достук айылында жайгашкан, 210000 сомго бааланган, турак үйдү өндүрүүчүлөр Г.Кистанова менен Э.Аметовго өткөрүп берүү токтомун жараксыз деп таап берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|