Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
№ ЭД-000161/07МТ № 7-029/08ЭД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К., судьялар: Альпиева А.Н., Сыдыков О.С., (баяндамачы-судья), тараптар: Э.Алыбеков, Талас райондук электр тармактар ишканасы, «Түндүк электр» Акционердик коомунун өкүлдөрү - Н.Шабданов, А.Мамыралиев, Г.Дуйшенбаева, соттук отурумдун катчысы Р.Пазыловдун катышуусу менен, ачык соттук отурумда жаран Э.Алыбековдун Талас райондук электр тармактар ишканасынын 2007-жылдын 13-февралындагы № 035573 сандуу актысын жана анын негизинде төлөөгө эсептелинген 6499,58 сом карызды жокко чыгаруу жөнүндөгү арызынын негизинде чыгарылган Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 13-ноябрындагы аныктамасына карата келтирген жаран Э.Алыбековдун көзөмөл тартибиндеги даттануусун карады. Ал аныктама менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 21-августундагы чечими толугу менен алынып салынып, Э.Алыбековдун арызы кароосуз калтырылып Талас райондук сотуна тийиштүүлүгү боюнча кайрылуу үчүн өзүнө кайтарылып берилген (соттук актыны кабыл алган судьялар: Т.Бердикеев, М.Кенжешов, М.Айтымбетов). Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы О.Сыдыковдун баяндамасын, Э.Алыбековдун көзөмөл тартибиндеги арызды колдогон пикирин, Талас райондук электр тармактар ишканасы, «Түндүк электр» Акционердик коомунун өкүлдөрүнүн көзөмөл даттанууга келтирген каршы пикирлерин угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы аныктады: Жаран Э.Алыбеков Талас областынын райондор аралык сотуна Талас райондук электр тармактар ишканасынын 2007-жылдын 13-февралындагы № 035573 сандуу актысын анын негизинде төлөөгө эсептелинген 6499,58 сом карызды жокко чыгаруу жөнүндөгү арызы менен кайрылган. Талас областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 21-августундагы чечими менен жаран Э.Алыбековдун доо арызы канааттандырылган. Талас райондук электр тармактар ишканасынын 2007-жылдын 13-февралындагы № 035573 сандуу актысы жокко чыгарылып жана анын негизинде төлөөгө эсептелинген 10080 квт үчүн 6249,60 сом Э.Алыбековдун карыз эсебинен чыгарылган (Төрагалык кылуучу: Султанбеков К.). Талас областтык соту тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук акт кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|