Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000031/05МН № 07-011/08АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Мамбеталиева А.Ж., Сыдыков О.С., (баяндамачы-судья), тараптар: М.Абдыкадыровдун өкүлү - Р.Токтакунова, О.Мадинов, соттук отурумдун катчысы: С.Дооронбаевдин катышуусу менен, ачык соттук отурумда М.Абдыкадыровдун Нарын областтык биринчи нотариалдык конторасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда түзүлгөн үйдү сатууга берилген ишеним катты, 2005-жылдын 1-августундагы үйдү сатуу жана сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимин, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 3-августунда жүргүзүлгөн менчик укугун каттоо номерин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызы жана Ж.Идирисованын сатуу, сатып алуу келишимин анык деп таап, Нарын шаарынын Кулумбаев көчөсүндөгү № 14 үйдөн квартиранттарды чыгарып берүү жөнүндөгү утурлама доо арызы боюнча кабыл алынган Нарын областынын райондор аралык сотунун 2006-жылдын 26-майындагы чечимин жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү М.Абдыкадыровдун арызын кароодон баш тартуу жөнүндөгү Нарын областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 8-ноябрындагы аныктамасына (төрагалык кылуучу Ж.Курманбаев) жана ал аныктаманы өзгөртүүсүз калтырган Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 20-декабрындагы аныктамасына келтирген М.Абдыкадыровдун көзөмөл даттануусун карап, (судьялар: Т.Рахматов, М.Байышов, А.Керимкулова), баяндамачы судья О.Сыдыковдун баяндамасын, Р.Токтакунованын жана анын өкүлүнүн көзөмөл даттанууну канааттандыруу боюнча келтирген жүйөлөрүн угуп, аныктады: М.Абдыкадыров сотко кайрылып, анда Нарын областтык биринчи нотариалдык конторасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда түзүлгөн үйдү сатууга берилген ишеним катты, 2005-жылдын 1-августундагы үйдү сатуу жана сатып алуу боюнча түзүлгөн келишимин, Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 3-августунда жүргүзүлгөн менчик укугун каттоо номерин жокко чыгарууну сураган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|