Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
АД-000005/08МД № 07-00018О/О8АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К., судьялар: Максимбекова Д.И., Сыдыков О.С. (баяндоочу-судья), И.Юнусжанов жана А.Иноятованын өкүлү - Мырзакулов П.К., соттук отурумдун катчысы С.Дооронбаевдин катышуусу менен, ачык соттук отурумда И.Юнусжанов жана А.Иноятованын Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-апрелиндеги № 112 токтомун жана 2008-жылдын 22-январындагы № 31 буйругун жараксыз деп табуу жөнүндөгү арызын канааттандыруу жөнүндө Жалалабат областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 19-февралындагы чечимине (Төрагалык кылуучу: Алаев М.) жана бул чечимди өзгөртүп, Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-апрелиндеги № 112 токтомунун М.Юнусжановага карата бөлүгү жараксыз деп табуу жөнүндөгү Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 8-апрелиндеги чечимине (судьялар: Осмоналиев К.Т., Чаканов Э.С., Сарыков Ю.С.) келтирилген М.Юнусжанованын көзөмөл даттануусун карап чыгып, баяндамачы судья О.Сыдыковдун баяндамасын, И.Юнусжанов жана А.Иноятованын өкүлүнүн көзөмөл даттанууга каршы келтирген пикирин угуп, аныктады: И.Юнусжанов жана А.Иноятова сотко арыз менен кайрылып, анда Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-апрелиндеги № 112 токтомун жана 2008-жылдын 22-январындагы № 31 буйругун жараксыз деп табууну сурашкан. Арызда арыз ээлери Базаркоргон айылынын Комсомольская көчөсүндөгү № 8 турак-жайды алардын атасы Юнусжанов Тажидин куруп, аталган турак-жайда жашап жана 2002-жылдын 24-июнунда каза болгондугун, бул турак-жайда алар жашап чоңоюшкандыгын, А.Иноятова күйөөгө чыккандан кийин, И.Юнусжанов Юнусжанова Мавлюдаханга үйлөнүп аталган турак-жайда жашап жаткандыгын, бирок 2002-жылы Юнусжанова Мавлюдахан Базаркоргон айыл өкмөтүнүн № 112 токтомунун жана 2008-жылдын 22-январындагы № 31 буйругунун негизинде аталган турак-жайды өзүнүн наамына мыйзамдаштырып алгандыгын, атасы Т.Юнусжанов аталган турак-жайды М.Юнусжановага мурас катары калтырбагандыгын, андыктан даттанылган Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-апрелиндеги № 112 токтому жана 2008-жылдын 22-январындагы № 31 буйругу мыйзамды бузуу менен кабыл алынгандыгын көрсөтүп, даттанылган токтомду жана буйрукту жараксыз деп табууну сурашкан. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|