Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
Иш № АД-133/2008-МЧ-С5 к/ө № 07-419/08 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: Сыдыков О.С. судьялар: Жороев К.Ж., Мамбеталиева А.Дж. сот отурумунун катчысы: Дооронбаев С. тараптар: Дөөткул уулу Алтынбек жана анын өкүлү Толубаева Бермет Мамыровна (ишеним кат № 4504 21.09.2008-ж.), соттун ачык отурумда жаран Дөөткул уулу Алтынбектин доо арызы боюнча кабыл алынган Чүй областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 21-августундагы чечимине көзөмөл тартибинде келтирген Дөөткул уулу Алтынбектин өкүлү Б.М.Толубаеванын даттануусун карап чыгып, ал чечим менен Чүй областынын райондор аралык сотунун 6-июнь 2008-жылдагы чечими толугу менен жокко чыгарылган, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынган, Дөөткул уулу Алтынбектин доо арызы канааттандыруусуз калтырылган (судьялар: К.О.Джумашов, Д.С.Боронбаева, ГД.Уметалиева), Жогорку Соттун судьясы А.Дж.Мамбеталиеванын - баяндамасын, Дөөткул уулу Алтынбектин, Б.М.Толубаеванын түшүндүрмөлөрүн угуп, соттук коллегия, тапты: Дөөткул уулу Алтынбек Чүй областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. Ал арызында Маевка айыл өкмөтүнүн 26-март 2007-жылдагы № 96 токтомун, 25-апрель 2007-жылдагы жер участогун бөлүп берүү актысын, 11-май 2007-жылдагы менчик укугу жөнүндө актыны жокко чыгарып берүүнү суранган. Ал арызында 2004-жылы Эрмеков Дайырбек Маевка айылынын жилмассив 23 га уч. 26 жер аянтын ага сатканын, тил кат жазып, нотариус аркылуу ишеним кат жазып берген. Андан сырткары Д.Эрмеков жер бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 19-май 2003-жылдагы чечимин, жер участогун бөлүп берүү Актысын, жана Аламүдүн райондук архитектуранын генералдык планынын түп нускаларын бергендигин көрсөткөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|