Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ ЭД-170/06.МД-иши № 07-313/08.ЭД көзөмөл өндүрүшү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Жороев К.Ж., судьялар: Альпиева А.Н., Сыдыков О.С. (баяндамачы судья), сот отурумунун катчысы: Абышов Б., тараптар: Таш-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлү - Мамажанова А. (паспорт № А 198 0087); «Кавыс-Ата» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү - Эркинбаева У. (паспорт № А 096 8069) жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн өкүлү - Ж.Маатжакыповдун (ишеним кат № 64 08.05.2008-ж.) катышуусу менен, соттун ачык отурумунда «Таш-Булак» айыл өкмөтүнүн Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 14-мартындагы чечимине, Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 16-июнундагы аныктамасына жана 2008-жылдын 16-июнундагы чечимине карата келтирген даттануусун карап, аталган соттук актылар менен: Жалалабат областынын райондор аралык сотунун 2007-жылдын 14-мартындагы чечими менен «Таш-Булак» айыл өкмөтүнүн доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, Таш-Булак айыл өкмөтүнө таандык деп «Кавыс-Ата» фирмасы ээлеп турган мал базардын 4,9 га жер аянтынын 2,4 га жер аянты Таш-Булак айыл өкмөтүнүн территориясына таандык деп табылып, № 015238 сандуу мамлекеттик актысы жараксыз деп табылып, ал эми доо арыздын Сузак мамлекеттик райондук администрациясынын 1996-жылдын 1-октябрындагы № 826 буйругун жокко чыгаруу жөнүндөгү бөлүгү боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулуп, доо арыздын калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылган. «Кавыс-Ата» фирмасынын утурлама доо арызы канааттандыруусуз калтырылган. Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 16-июнундагы аныктамасы менен ЖЧК «Кавыс-Ата» жана Кызылтуу айыл өкмөтүнүн Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 30-майындагы чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арыздары канааттандырылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|