Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000149/06.МО. көзөмөл өндүрүш № 07-000083/07.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Альпиева А.Н., судьялар: Мукамбаева Г.У., Аманалиева Б.К., сот отурумунун катчысы: Малдыбаев Н., тараптардын өкүлдөрү: сот жыйынына талаптагыдай кабарланышкан Капаров Б., Тезекбаев А., Алай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын, Карасуу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жана Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн катышуусуз, соттун ачык отурумунда Б.Капаровдун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө жана үчүнчү жак А.Тезекбаевге карата Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн № 42 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө келтирген доо арызы боюнча чыгарылган Ош областынын райондор аралык сотунун 2006-жылдын 14-августундагы чечимине, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы аныктамасына карата келтирилген А.Тезекбаевдин даттануусун карап (ишти караган судьялар: Токбаева А.А., Момбеков К.А., Арапбаев А., Курбанов Ч.Ж.), тапты: Капаров Баатырбек Ош областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылып, анда Отузадыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каражыгач участкасынан 0,10 га жер участогун айыл өкмөт тарабынан өткөрүлгөн ачык сатууда 5600 сомго сатып алгандыгын, 2005-жылдын 16-декабрында Отуз-Адыр айыл өкмөтү менен Б.Капаровдун ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлүп, 2006-жылдын 25-апрелинде Кара-Суу районун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү № 063215 Мамлекеттик акты берилгендигин, бирок ошол эле жер участогуна жаран А.Тезекбаевге Жаңыалай айыл өкмөтү тарабынан токтом чыгарылып берилгендигин белгилеп, Алай районунун аталган Жаңыалай айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-июлундагы № 41-токтомун жараксыз деп таап берүүнү сураган. Арызды кароо учурунда Капаров Б. иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин арыздын буюмзатын өзгөртүү жөнүндө арыз менен кайрылып, жаран А.Тезекбаевге талаш болгон жер участогу Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 24-июлундагы № 42 токтому менен берилгендиги такталгандыктан, ошол токтомду жараксыз деп табууну сураган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|