Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
Иш № АД-109/2008 МБа Көзөмөл өндүрүшү № 07-424/08 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мамбеталиева А.Дж., жана судьялар: Сыдыков О.С., Жороев К.Ж. катчы: Дооронбаев С.Д., тараптар Г.Зияевдин өкүлү - О.Зияевдин (ишеним каты № 750 30.07.2008 ж.) жана Б. Касымовдун өкүлү - Ж.Касымованын (ишеним каты № 2 3308 10.11.2007-ж.) катышуусу менен ачык соттук отурумда Г.Зияевдин Баткен областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 7-августундагы чечимине, Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирилген даттануусу боюнча бул иш каралды. Баткен областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 7-августундагы чечими менен доогер Б.Касымовдун доо арызы канааттандырылган. Эл депутаттарынын Баткен айылдык кеңешинин аткаруу комитетинин 1978-жылдын 26-октябрындагы И.Орозовдун жер участогун Г.Зияевдин атына которуп оформление жүргүзүү жөнүндөгү № 70 чечими жана аталган чечимди бекитүү жөнүндөгү Эл депутаттарынын Баткен райондук кеңешинин аткаруу комитетинин 1978-жылдын 10-ноябрындагы № 335 чечими жана Акматов Сами менен Заитов Зиянын ортосунда 1978-жылдын 12-октябрында түзүлгөн турак-жайды сатуу-сатып алуу келишими жокко чыгарылган. Г.Зияевден Б.Касымов тарабынан төлөнгөн 10 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик алым, 100 сом өлчөмүндөгү почта чыгымдары Б.Касымовдун пайдасына жана 250 сом өлчөмүндөгү соттук чыгымдар мамлекет пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу: судья Султаналиев У.К.). Баткен областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2008-жылдын 15-сентябрындагы аныктамасы менен Баткен областынын райондор аралык сотунун 2008-жылдын 7-августундагы иш боюнча чечими өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык арыз канааттандыруусуз калтырылып, Г.Зияевден 150 сом соттук чыгым мамлекет пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу: судья Абдазов З.А., судьялар: Абдилатов А.А. жана Ураимов М.Э.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|