Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер
№ АД-000169/05.МО көзөмөл өндүрүшү № 07-0398/05 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Дж., судьялар: Садыков Э.Э., Аманалиева Б.К., тараптардын өкүлдөрү: Халбаев З.Э., Шакиров С., Турдуев М., соттук жыйындын катчысы: Н.Малдыбаевдин катышуусу менен, ачык соттук отурумда жаран Э.Халбаевдин Эскиноокат айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-майындагы 8 сандуу, Ноокат шаардык башкаруусунун 2004-жылдын 29-мартындагы 46 сандуу токтомдорун, Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын 0028788 сандуу 2004-жылдын 14-апрелинде 295 реестр менен Турдуева Бегайымдин менчик укугун каттаган актыны жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызынын негизинде каралган иш боюнча чыгарылган Ош областынын райондор аралык сотунун 2005-жылдын 19-сентябрындагы чечими, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 21-ноябрындагы аныктамасын көзөмөл тартибинде кароо жөнүндөгү Б.Турдуеванын даттануусун карап, (соттук актыны кабыл алган судьялар: Алибаев А.И., Момбеков К.А., Арапбаев Н.М., Курбанова Ч.Ж.), тапты: 2005-жылдын 16-августунда жаран Э.Халбаев Ош областынын райондор аралык сотуна Эскиноокат айыл өкмөтүнүн 1999-жылдын 18-майындагы 8 сандуу, Ноокат шаардык башкаруусунун 2004-жылдын 29-мартындагы 46 сандуу токтомдорун, Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы тарабынан Турдуева Бегайымга менчик укугу тууралуу берилген мамлекеттик актыны жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|