Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
№ АД-000346/03Д7, № 07-022/-6АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Альпиева А.И., судьялар: Аманалиева Б.К. жана Айткулова И.В. (баяндоочу-судья), соттук отурумдун катчысы: Г.Туранова, иш боюнча доогер К.Акимова, анын өкүлү Э.Карабекованын катышуусу менен, жаран К.Акимованын Ноокен райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 1999-жылдын 1-октябрындагы карыз эсебинен мүлктү өткөрүп берүү жөнүндөгү актысын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Ноокен райондук сотунун 2003-жылдын 4-декабрындагы чечимин жана Жалалабат областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 8-январындагы аныктамасын көзөмөл иретинде карап берүү жөнүндөгү К.Акимованын даттануусун карап чыгып, (соттук актыларды кабыл алган судьялар: Ш.Абдылдаева, М.Калимбетова, М.Сатаров, Т.Суеркулов) тапты: Жаран К.Акимова Ноокен райондук сотуна Ноокен райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө 1999-жылдын 1-октябрындагы карыз эсебинен мүлктү өткөрүп берүү жөнүндөгү актысын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда Ноокен райондук сотунун 1999-жылдын 16-июнундагы өкүмү менен Акимова К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 164-статьясынын 2-бөлүгүнүн 3, 4-бөлүкчөлөрү боюнча 2 жылга, 3-бөлүгүнүн 4-бөлүкчөсү боюнча 5 жылга, 174-статьясынын 2-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсү боюнча 2 жылга эркиндигинен ажыратылып, 128-статьясынын 1-бөлүгү боюнча 2000 сомго айыпка кириптелген. Кылмыш-Жаза кодексинин 59-статьясына ылайык жазалар жарым-жартылай кошулуп, 7 жылга эркиндигинен ажыратылып, 2000 сомго айыпка кириптер болгон. Мындан сырткары келтирилген зыян үчүн А.Тажибаевдин пайдасына К.Акимовадан 18200 сом өндүрүлгөн. Аталган өкүм Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2000-жылдын 3-октябрындагы токтому менен бузулуп, иш ошол эле сотко кайра кароого жиберилген. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|