Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
№ АД-000199\05МО № 07-077\06АД - иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: Альпиева А.Н., судьялар: Мухамеджанов А.Д. жана Айткулова И.В. (баяндоочу-судья), тараптар: Анарбаева Гүлай, анын өкүлү, Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.Кадыров, соттук отурумдун катчысы: Г.Турапованын катышуусунда, жарандар Анарбаева Гүлай, Анарбаев Зияидин Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө 2002-жылдын 18-мартындагы Кашкатерек айылындагы гаражды сатуу жөнүндөгү актысын жараксыз деп таап жана Кашкатерек айыл чарба кооперативинин башчысын гаражды Анарбаев Зияидинге өткөрүп берүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 23-январындагы чечимин көзөмөл иретинде карап берүү жөнүндөгү Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу А.Кадыровдун даттануусун карап чыгып (соттук актыларды кабыл алган судьялар: К.Момбеков, Ч.Курбанова, Р.Каримова), тапты: Жарандар Анарбаева Гүлай, Анарбаев Зияидин Ош райондор аралык сотуна Өзгөн райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө 2002-жылдын 18-мартындагы Кашкатерек айылындагы гаражды сатуу жөнүндөгү актысын жараксыз деп таап жана Кашкатерек айыл чарба кооперативинин башчысын гаражды Анарбаев Зияидинге өткөрүп берүүнү милдеттендирүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылышкан. Доогерлер өз талаптарын төмөндөгү жагдайлар менен негиздешет. 2002-жылдын 17-январындагы № 1 токтомунун негизинде Анарбаев Зияидин Кашкатерек чарба кооперативинен Кашкатерек айылындагы гаражды сатып алган. Аталган токтом Башдөбө айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-февралындагы № 30 токтому менен бекитилип гараж Анарбаев Зияидиндин менчиги деп табылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|