Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-0000151/04.МИ, № 07-226/06 АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Аманалиева Б.К., судьялар: Мукамбаева Г.У., Айткулова И.В. (баяндоочу-судья), А.Салбаров, соттук отурумдун катчысы: Ш.Осмонованын катышуусу менен, ачык соттук отурумда жаран Д.Мааданбековдун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 2002-жылдын 13-майындагы № 165 токтомун, Каракоо айылынын көпчүлүк дыйкан чарба мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун 2001-жылдын 16-ноябрындагы токтомун, Кыргыз Республикасынын жер жана агрардык реформа борбору тарабынан берилген 2001-жылдын 20-декабрындагы № 203 күбөлүгүн жана Тоң районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан берилген 2002-жылдын 10-январындагы № 2 мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Ысыккөл областтык райондор аралык сотунун 2004-жылдын 2-ноябрындагы чечимине жана Ысыккөл областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 18-февралындагы аныктамасына келтирилген жаран А.Салбаровдун даттануусун карап, (Даттанылып жаткан соттук актыларды кабыл алышкан судьялар: Асанова Х.Т., Оңолбеков Д.М., Абакиров К.Ш., Балтабаев А.Ж.) тапты: Жаран Д.Мааданбеков Ысыккөл областтык райондор аралык сотуна Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 2002-жылдын 13-майындагы № 165 токтомун, Каракоо айылынын көпчүлүк дыйкан чарба мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун 2001-жылдын 16-ноябрындагы токтомун, Кыргыз Республикасынын жер жана агрардык реформа борбору тарабынан берилген 2001-жылдын 20-декабрындагы № 203 күбөлүгүн жана Тоң районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан берилген 2002-жылдын 10-январындагы № 2 мамлекеттик актысын жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|