Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
№ АД-000035/06.МД № 7-270\06АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья: Мухамдежанов А.Д., судьялар: Аманалиева Б.К., Айткулова И.В. (баяндоочу-судья), соттук отурумдун катчысы: Н.Малдыбаевдин качышуусу менен, жаран С.Тезекбаевдаи Чолпоната айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги № 4 токтомун жана Токтогул районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан 2006-жылдын 26-январында Каракүнгөй айылындагы Асанбай көчөсүндө жайгашкан № 44 турак жайга карата С.Тезекбаевдин наамына берилген техникалык паспортту жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат райондор аралык сотунун 2006-жылдын 20-июнундагы чечимин жана Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жылдын 19-июлундагы аныктамасын көзөмөл иретинде карап берүү жөнүндөгү жаран П.Култаеванын арызын карап чыгып, (соттук актыларды кабыл алышкан судьялар: М.Алаев, К.Осмоналиев, Ю.Сарыков, Э.Иманкулов) тапты: Жаран С.Тезекбаев Жалалабат райондор аралык сотуна Чолпоната айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-апрелиндеги № 4 токтомун жана Токтогул районунун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасы тарабынан 2006-жылдын 26-январында Каракүнгөй айылындагы Асанбай көчөсүндө жайгашкан № 44 турак жайга карата С.Тезекбаевдин наамына берилген техникалык паспортту жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|