Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000025\06МД № 7-311\06 АД-иши
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу судья Аманалиева Б.К., судьялар: Мукамбаева Г.У. жана Айткулова И.В. (баяндоочу-судья), соттук отурумдун катчысы Н.Малдыбаевдин катышуусу менен, жаран А. Абдужаминовдун Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы № 359 буйругун жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы жана А.Исраиловдун Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-октябрындагы № 321, 2004-жылдын 15-декабрындагы № 427, 2005-жылдын 29-сентябрындагы № 199 буйруктарын, Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиясынын 2005-жылдын 12-февралындагы № 2 протоколун, 2005-жылдын 12-февралындагы Сузак айыл өкмөтү менен А.Абдужаминовдун ортосунда түзүлгөн сатуу сатып алуу жөнүндөгү № 2 келишимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү утурлама доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2006-жыддын 26-июлундагы чечимине келтирилген жаран А.Исраиловдун көзөмөл иретиндеги даттануусун карап чыгып (соттук актыны кабыл алган судьялар: К.Осмоналиев, Б.Кубалычбеков, Э.Ималкулов), тапты: Жаран А.Абдужаминов Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-октябрындагы № 359 буйругун жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда доогер Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-октябрындагы № 321 буйругунун, 2005-жылдын 12-февралындагы № 2 сатуу сатып сатып алуу келишиминин негизинде Сузак айылынын Дакан-Палван көчөсүнүнүн боюнан жеке менчик дүкөн куруу үчүн 15 кв.м жер аянтын 1252 сомго сатып алгандыгын, 2005-жылдын 29-сентябрында мамлекеттик акт алгандыгын, бирок Сузак айыл өкмөтү экинчи ирет 2004-жылдын 28-октябрында бул жер аянт ага берилгендигин тактабастан № 359 буйругу менен аталган жер аянтты жаран А.Исраиловго беш жылдык мөөнөткө ижарага ажыратып бергендигин, Сузак айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 15-декабрындагы № 427 буйругу менен даттанылган буйрук жараксыз деп табылгандыгын, бирок жаран А.Исраилов курулуш курууга тоскоолдук кылып жаткандыгын жана мыйзам талабына ылайык айыл өкмөттүн буйругу сот тарабынан жараксыз деп табылышы карашкандыктан сотко кайрылгандыгын көрсөтүп, доо арызды канааттандырып берүүнү сурайт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|