Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер
Иш № 7-0154
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу: судья Аманалиева Б.К., судьялар: Мукамбаева Г.У. жана Мухамеджанов А.Ж. (баяндоочу-судья), сот жыйынынын катчысы: Н.Малдыбаевдин, тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусуз, ачык соттук жыйында М.Тажидинованын мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү арызынын негизинде чыгарылган Жалалабат областтык сотунун экономикалык жана административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2005-жылдын 22-февралындагы аныктамасын көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү М.Тажидинованын даттануусун карап чыгып (Судьялар: Осмоналиев К.Т., Чаканов Э.С., Кубанычбеков Б.К.), тапты: Доогер Эргешов Тажибай Жалалабат областтык сотуна Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 29-мартындагы № 180 буйругун, Базаркоргон айыл өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-июнундагы № 383 буйругун жана № 000044 сандуу мамлекеттик актыдагы № 4 кошумча киргизилген жазууну мыйзамсыз деп таап жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз менен кайрылган. Доогер өзүнүн талаптарын төмөндөгүчө негиздейт. Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 4-декабрындагы № 540-Б буйругу менен 8400 кв.м. жер аянты Эргешов Тажибайга ажыратылып берилген жана ушул буйруктун негизинде Базаркоргон райондук жер каттоо башкармасы анын наамына мамлекеттик акт берген. Эргешов Тажибайдын мыйзамдуу жер аянтын жоопкер М.Тажидинова ээлеп, бошотуп берүүдөн баш тартып, өзүнүн аракетин мыйзамдуу экендигин билдирип, Базаркоргон айыл өкмөтү Базаркоргон мамлекеттик администрациясы тарабынан анын наамына буйруктар чыгарылып берилгенин билдирет. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан жоопкер М.Тажидиновага эч кандай буйрук чыгарылбагандыгы тактаманын негизинде аныкталды. Андыктан жоопкер өзү айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп иштеп турган мезгилде өз кызматынан пайдаланып, буйрукту жасалмалап алган деп доогер жыйынтыкка келген. Ошол эле учурда жоопкер Тажидинова Манзурахан тосмо доо арыз менен Жалалабат областтык сотунун граждандык иштер боюнча соттук коллегиясына кайрылып, анда доогер Эргешовдун атына чыгарылган Базаркоргон райондук мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 12-майындагы № 247 Б жана 2000-жылдын 4-декабрындагы № 540-Б буйруктарын, 1999-жылдын 15-майында № 321 менен катталган № 021288 жерди пайдалануу укугуна карата мамлекеттик актыны жараксыз деп таап берүүнү суранган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|