Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000072/06.МД-иши көз.өнд. № 07-000181/07.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Ж., судьялар: Аманалиева Б.К., Мамбеталиева А.Ж. (баяндамачы-судья), сот жыйынынын катчысы: Б.Сыдыковдун, тараптардан: А.Үрүстөмовдун өкүлү А.Райымкулованын (паспорт № А2355992) жана адвокаты С.Камбаралиевдин (күб. № 14), Кербен керек-жарак кооперативинин төрагасы К.Изаковдун (паспорт № А2449495), анын орун басары - Т.Кочкорбаевдин (паспорт № А1646986), жана кооперативдин өкүлдөрү - Г.Жумалиеванын (пен.күб. № 12902), М.Дооронованын (паспорт № А2566711) катышуулары менен, Кербен керек-жарак коомунун демилгечи тобунун төрагасы А.Урустемовдун Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 17-майындагы № 325 буйругун жана Кербен керек-жарак кооперативинин 2004-жылдын 20-декабрындагы уставын жокко чыгарып берүү жөнүндөгү доо арызы боюнча кабыл алынган Жалалабат областтык райондор аралык сотунун 2006-жылдын 25-декабрындагы чечимин жана Жалалабат областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 7-мартындагы токтомун көзөмөл тартибинде карап берүү жөнүндөгү А.Урустемовдун даттануусун карап чыгып (соттук актыны кабыл алган судьялар: Айжигитов А.А., Шерматов М.Т., Сарыков Ю., Иманкулов Э.Т.), тапты: Кербен керек-жарак коомунун демилгечи тобунун төрагасы А.Урустемов Жалалабат областтык райондор аралык сотуна Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдын 17-майындагы № 325 буйругун жана Кербен керек-жарак кооперативинин 2004-жылдын 20-декабрындагы уставын жокко чыгарып берүү жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы башчысы К.Ибраимов 1996-жылдын 17-майындагы буйругу менен мыйзамсыз, негизсиз эч кандай юридикалык документтерди текшербестен Кербен айылдык керек-жарак коомун Кербен айылдык керек-жарак кооперативине өзгөртүп, керек-жарак коомунун уставын кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө буйрук кабыл алгандыгын. Жоопкерлер Кыргыз Республикасынын «Кооперация» жөнүндөгү мыйзамынын 18-ст. 4-п. одоно түрдө бузуу жолу менен жүргүзүлгөндүгүн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|