Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча
№ АД-000006/04.МБА. көзөмөл өндүрүш № 07-000406/06.АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Мухамеджанов А.Д., судьялар: Садыков Э.Э., Мукамбаева Г.У. (баяндоочу-судья), соттук отурумдун катчысы: И.Асанованын катышуусу менен, жаран А.Туйгуновдун Баткен шаар башкармасынын 2002-жылдын 23-апрелиндеги № 4-106-токтомун, Баткен райондук эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин 1982-жылдын 8-майындагы № 114-чечимин, Эл депутаттарынын Баткен айылдык кеңешинин 1982-жылдын 9-апрелиндеги № 9-чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү доо арызы жана К.Аширалиеванын Баткен шаар башкармасынын 2002-жылдын 27-мартындагы № 3-77-токтомун жараксыз деп табуу жөнүндөгү утурлама доо арызы боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 29-октябрындагы токтомун жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндөгү А.Туйгунов жана П.Камалованын арызын карап чыгып (соттук актыны кабыл алышкан судьялар: А.Алышева, А.Мухамеджанов, Б.Аманалиева), тапты: Баткен шаарынын тургуну Туйгунов Абдимитал Баткен областтык сотуна Баткен шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруучу А.Сейтказиевке доо менен кайрылып, анда Баткен шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2002-жылдын 23-апрелиндеги № 4-106-токтомун, Баткен айылдык эл депутаттар Кеңешинин 1982-жылдын 9-апрелиндеги № 9-чечимин, ошол эле жылдагы Баткен райондук эл депутаттар Кеңешинин аткаруу комитетинин 8-майындагы № 114-чечимин жараксыз деп табууну сураган. Ошол эле сотко Баткен шаарынын тургуну Аширалиева Канат доо арызы менен Туйгунов Абдимитал менен Аширалиев Кошманга кайрылып, анда Баткен шаар башкармасынын 2002-жылдын 27-мартындагы № 3-77-токтомун жараксыз деп таап берүүнү сураган. Баткен областтык сотунун 2004-жылдын 24-апрелиндеги аныктамасы менен эки доо арыз боюнча өндүрүш бириктирилген. Баткен областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 21-майындагы чечими менен Баткен шаардык башкармасынын 2002-жылдын 23-апрелиндеги № 4-106-токтому жараксыз деп табылган. Туйгунов Абдимиталдын арызы канааттандырылып, ал эми Аширалиева Канаттын доо арызы канааттандыруусуз калтырылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|