Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2003-жылдын 11-августундагы № Т-06-157/С2пр02 токтому
Т-06-157/С2пр02
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: Төрагалык кылуучу - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Аманалиева Б К., судьялар: Мукамбаева Г.У. жана Бекишов Д.Б. (маалымдоочу судья) соттук жыйындын катчысы М.Арабаевдин, Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын өкүлү А.Нуралиевдин, «Жаңылык» акционердик коомунун өкүлү - А.Кенесариевдин катышуусунда Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын № Т-06-157/С2пр02 сандуу иши боюнча Талас облусунун арбитраждык сотунун 2002-жылдын 2-октябрындагы чечимин жана Талас облусунун арбитраждык сотунун апелляциялык инстанциясынын 2002-жылдын 14-ноябрындагы токтомун көзөмөл тартибинде кароо жөнүндөгү арызын соттук жыйында карап чыгып (судьялар Дубанбаева А.С., Саркишев К.Д., Бердикеев Т.Н., Ибраимов М.И.) тапты: Талас облусунун прокурорду Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын кызыкчылыгын көздөп «Жаңылык» Акционердик коомунан 33419 сом салык боюнча карызын мүлкүнүн эсебинен Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын өндүрүү жөнүндө доо арыз менен Талас облусунун арбитраждык сотуна кайрылган. Талас облусунун арбитраждык сотунун 2002-жылдын 2-октябрындагы чечими менен Талас облусунун прокурорунун доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып - «Жаңылык» Акционердик коомунан Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясынын пайдасына 1055 сом өндүрүлгөн. Талас облусунун арбитраждык сотунун апелляциялык инстанциясынын 2002-жылдын 14-ноябрындагы токтому менен Талас облусунун арбитраждык сотунун 2002-жылдын 2-октябрындагы чечими өзгөртүүсүз калтырылган. Талас шаардык мамлекеттик салык инспекциясы Талас облусунун арбитраждык сотунун 2002-жылдын 2-октябрындагы чечими жана ошол эле соттун апелляциялык инстанциясынын 2002-жылдын 14-ноябрындагы токтому менен макул эместигин билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жогоруда көрсөтүлгөн соттук актыларды көзөмөл тартибинде кайрадан карап чыгып, төмөндөгү себептер менен жокко чыгарууну сурайт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|