Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун президиумунун 2005-жылдын 12-январындагы № 10/05-046 токтому
Иш № 10/05-046
Президиум курамында төрагалык кылган төраганын биринчи орун басары Досматов Ж.Д., мүчөлөрү Акназарова К.К., Бообеков К.Ж., Гутниченко Л.В., Давлетов А.А., Касымов С.К., Макаров Н.В., соттук заседаниенин катчысы Бекмухамедова С.М., тилмеч Сагынов К.А., Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Кадыркулова Т.К., адвокат Турсуналиева Б.Т. катышуусунда, ачык соттук заседаниесинде соттолгон Алымкуловдун Токтогул районунун сотунун 2001-жылдын 31-октябрындагы өкүмү, Жалалабат облустунун сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясынын 2004-жылдын 20-августундагы аныктамасына көзөмөл иретинде келтирген даттануусу менен иш каралды. Токтогул районунун сотунун 2001-жылдын 31-октябрындагы өкүмү боюнча: Алымкулов Беренбек Ырыскелдиевич, 1954-жылдын 7-октябрында Токтогул районундагы Толук айылында туулган, кыргыз, мурда соттолбогон, - Кыргыз Республикасынын КЖКнин 246-ст. 3-бөлүгү менен үй-мүлкү конфискацияланып, 13 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазаны күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында өтөөгө белгиленген. Жалалабат облустунун сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы өкүмдү күчүндө калтырган. Жогорку соттун судьясы Касымовдун баяндамасын, прокурор Кадыркулованын райондун сотунун өкүмүн жана облустун сотунун аныктамасын күчүндө калтырууну өтүнгөн пикирин, адвокат Турсуналиеванын соттолгон Алымкуловдун даттануусунун өтүнүчүн колдогон түшүнүгүн угуп, президиум тапты: Өкүм боюнча Алымкулов 2001-жылдын 22-июнь күнү мыйзамсыз даярдап, сактап жүргөн, баңгилик каражат болуп эсептелинген ири өлчөмдөгү 21 килограмм каннабисти тинтүүдө табылып, милиция кызматкерлери тарабынан алынган делинип айыптуу деп табылып соттолгон. Жалалабат облустунун сотунун кылмыш иштер боюнча соттук коллегиясы өкүмдү күчүндө калтырган. Соттолгон Алымкулов райондун жана облустун сотунун өкүмдөрүнө көзөмөл иретинде даттанып, милиция кызматкерлери атайын уюштурушуп, куурай чаптырып, башкалары келип кармашып, жасалма иш уюштурганын, кендир көк кургатылбаганын, ишин калыстык менен карап, жазасынын жарымын алып таштоону же такыр бошотуп коюуну суранган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|