Долбоор
Кыргыз Республикасынын Салык Кодекси
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 270 токтому менен КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава. Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен жөнгө салынуучу мамилелер 1. Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (мындан ары - Кодекс) төмөнкүдөй мамилелерди жөнгө салат: 1) Кыргыз Республикасында салыктарды белгилөө, колдонууга киргизүү жана алуу боюнча; 2) салык контролун ишке ашыруу процессинде келип чыгуучу; 3) ушул Салык кодексинин талаптары бузулгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча; 4) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу боюнча. 2. Бул Кодексте жөнгө салынуучу мамилелер салыктык укуктук мамилелер болуп саналат. 3. Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга салык салуу боюнча мамилелерге бажы мыйзамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жана ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
2-статья. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары 1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары - бул салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын системасы. 2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй нормативдик укуктук актылардан турат: 1) ушул Кодекстен; 2) ушул Кодекстин негизинде кабыл алынган нормативдик укуктук актылардан (мындан ары ушул Кодексте - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын актылары). 3. Бул Кодекс төмөнкүлөрдү белгилейт: 1) Кыргыз Республикасында салык салуунун принциптерин; 2) Кыргыз Республикасында салыктар системасын; 3) Кыргыз Республикасында алынуучу салыктардын түрлөрүн; 4) жергиликтүү салыктарды колдонууга киргизүүнүн тартибин жана колдонууну токтотууну; 5) салык мыйзамдарынын келип чыгышынын, өзгөрүшүнүн, токтотулушунун жана аткаруу тартиптеринин негиздерин; 6) салык төлөөчүлөрдүн, салык кызматы органдарынын жана башка салыктык укук мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин; 7) салык контролунун формаларын жана методдорун; 8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу үчүн жоопкерчиликти; 9) салык кызматы органдарынын чечимдерине жана алардын кызматкерлеринин аракеттерине жана/же аракетсиздигине даттануу тартибин.
3-статья. Эл аралык келишимдердин колдонулушу Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|