Райадминистрациялардын жана шаардык кызматттардын жарандардын даттануулары жана каттары менен иштөөсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 5-июлундагы «Жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамын жана 2005-жылдын 15-августундагы жана 15-октябрындагы республиканын активи менен өткөрүлгөн кеңешмеде айтылган талаптарды аткаруу боюнча жүргүзүлгөн иштерге карабастан, жогорку органдардын тапшырмаларын жана өз чечимдерибиздин аткарылышын контролдоо, текшерүү бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей жаткандыгын коллегия белгиледи. Мындай кырдаал бардыгынан мурда шаардын райондук администрацияларынын, мэриянын бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын биринчи жетекчилери тарабынан жарандардын документтери, даттануулары жана арыздары менен иштөөгө тийиштүү көңүл бурбагандыгынын натыйжасында болуп жатат. Негизинен, мэриянын кызматтарына жана бөлүмдөрүнө 2005-жылда түшкөн документтердин саны эки эсеге көбөйгөндүгүн жүргүзүлгөн анализ жана текшерүү көрсөттү. 2004-жылда 53268 болсо 2005-жылда 102074кө жетти. Бишкек шаарынын мэриясына гана 2004-жылда 12260 түшсө, ал эми 2005-жылда 14250 документ түшкөн (16,9%га көбөйгөн), контролго алынган документтер - 2004-жылда 9504 (77,0%) болсо, 2005-жылда 11509 же 80,0%. Ушуну менен бирге мөөнөтүн бузуу менен аткарылган документтердин саны 36,0%ды түздү же ар бир үчүнчү документ, анын ичинде мөөнөтүн бузуу менен аткарылган, жогору турган органдардын документтеринин саны 57%ды түздү же ар бир экинчи документ. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|