Бишкек шаарынын экономикасынын I кварталындагы иштөө жыйынтыктары жана 2006-жылдын аягына чейинки милдеттери
Бишкек шаарынын мэриясы 2006-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча 2005-жылдын 15-октябрындагы кеңейтилген жумушчу кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын Президенти койгон жана Өкмөтү тарабынан бекитилген негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча максаттуу параметрлер аткарылгандыгын белгилейт. Азыркы баалоочу көлөмү боюнча регионалдык дүң продукту (РДП) 7,9 млрд. сомду түздү, Президенттин тапшырмаларында коюлганга карата 8 пайыздык өсүү менен. Экономиканын бардык тармактарында өсүүнүн эсебинен регионалдык продуктун өсүшү камсыз кылынган. Шаардык ишканалар тарабынан 2006-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча өнөр жай продукциясы 3,2 млрд. сом суммага өндүрүлдү, ошону менен бирге өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 2005-жылдын деңгээлине карата 152,7%ды түздү физикалык көлөмүнүн индекси Биринчимай (166,1%) районунан башка бардык райондордо 100%дык деңгээлге жеткен жок. Райондук кызматтар менен бирдикте Экономикалык жана инвестициялык иш департаменти тарабынан ишканалардын ишин терең талдоо жана анализдөө максатында өндүрүү көлөмүн камсыз кылбаган жана токтоп калган ишканаларга баруу уюштурулган. Жеринде ишканалардын проблемалары жана өнүгүү перспективалары көтөрүлдү. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча токтоп турган ишканаларды реанимациялоо жана өсүү темпин камсыз кылбаган өнөр-жай ишканаларды кризистен чыгаруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Кирешенин негизги үлүшү иштеп чыгаруу өнөр-жайынан түшөт. Кирешенин 6,0 млн. сомдон ашык көбөйүшү тамак-аш продуктыларын өңдүрүүдө суусундуктарды жана тамекилерди кошуп, ички жана тышкы базарларда продукциянын жана заказдардын сапатынын бардыгынын шартталышы байкалууда. Расмий маалыматтар боюнча Бишкек шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү 2006-жылдын январь-февраль айларына 209,8 млн АКШ долларын түздү жана 2005-жылдын январь-февраль айларына карата 30,2 млн. АКШ долларына же 16,8%га өстү. Ошону менен бирге шаар боюнча жалпысынан продукцияны экспорттоо 31,8%га көбөйдү жана 81,5 млн. АКШ долларын түздү. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|