Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 152-р-буйругун ишке ашыруу жөнүндө
«Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоочу, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана алардын кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 151-Жарлыгын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 252-р-буйругун ишке ашыруу максатында буйрук кыламын: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 252-р-буйругун жетекчиликке алынсын жана аткарылсын. 2. «2006-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин бардык билим мекемелери боюнча колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоочу, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана алардын кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куру боюнча жалпы республикалык бир айлык жарыяланып, анын жыйынтыгы ушул жылдын 5-майына чыгарылсын. 3. Колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоочу, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана алардын кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү жана анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча министрликтин комиссиясынын курамы бекитилсин тиркеме (№ 1). 4. Колдонуудагы спорттук-денсоолукту чыңдоочу, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана алардын кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын куруу боюнча жалпы республикалык бир айлыкты өткөрүү боюнча убактылуу Жобо бекитилсин тиркеме (№ 2). 5. Денетарбиялык - ден-соолукту чыңдоочу жана спорттук курулмалардын көлөмдүк көрсөткүчтөрүн аныктоо (баалоо) тартиби бекитилсин тирекеме (№ 3). 6. Кесиптик орто жана жогорку окуу жайларынын, Бишкек жана Ош шаардык, облустук билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү: - иш-чара планын иштеп чыксын; - колдо болгон спорттук-денсоолукту чыңдоочу, балдар жана короо аянтчаларын оңдоо жана алардын кайрадан калыбына келтирүү жана жаңыларын курууга багытталган жумалык ишембиликтерди уюштурсун жана өткөрсүн; - спорттун улуттук жана башка түрлөрү боюнча массалык спорттук ишчараларды уюштурсун жана өткөрсүн; - спорттун ардагерлери менен ар кандай спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн өсүп келе жаткан жаш муундар менен жолугуушуларды уюштурсун жана өткөрсүн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|