Илим, техника жана өндүрүш Жумалыгын өткөрүү жөнүндө
«Мектеп окуучуларынын илимий-техникалык чыгармачылыгын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» КРнын БИ жана ЖСМнин 2006-ж. 15.02 № 97/1-буйругун аткаруу боюнча иш-чаралардын планына ылайык жана окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгын андан ары өркүндөтүү, азыркы кездеги илимдин, техниканын жана өндүрүштүн жетишкендиктери менен тааныштыруу максатында буйрук кылам: 1. Мектеп жана мектептен тышкаркы Билим берүү мекемелерде жыл сайын февраль айында 2-жумасында илим, техника жана өндүрүш Жумалыгы өткөрүлсүн. 2. Регионалдык билим берүү жана жаштар саясаты башкармалыгынын органдарынын башчыларына, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине: 2.1. Илим, техника жана өндүрүш Жумалыгын өткөрүү балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын оптималдаштыруу боюнча механизмдин бири катары, илимий жана өндүрүш уюмдары менен, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар менен өнөктүктү кеңейтүүгө пайдаланылсын. 2.2. Илим, техника жана өндүрүш Жумалыгын өткөрүү боюнча конкреттүү аракеттер бардык билим берүү мекемелеринде иштелип чыгып, Жумалык өткөрүлүп жаткан мезгил ичинде турнирлерди, конкурстарды табигый-математикалык циклдин предметтери боюнча да, окуучулардын техникалык чыгармачылыгы (тиркеме) боюнча да, уюштуруу каралсын. 2.3. Илим, техника жана өндүрүш Жумалыгын өткөрүү мезгилинде ойлоп табуучулар, рационализаторлор жана окумууштуулар менен жолугушуулар, окуучу жаштардын техникалык чыгармачылыгынын көргөзмөлөрү, өндүрүшкө экскурсиялар уюштурулсун. 2.4. Илим, техника жана өндүрүш Жумалыгын өткөрүү мектеп басылмасында, массалык маалымат каражаттарында, анын ичинде телекөрсөтүүдө кеңири чагылдырылсын. 3. Балдардын республикалык инженер-техникалык академиясы «Алтын түйүн» (директору - Бапанова Ж.Б.) билим берүү мекемелерине консультациялык жана усулдук жардам көрсөтсүн. 4. Ушул буйруктун аткарылышы КРнын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкаруусунун башчысы М.Ж.Үсөналиевге, кесиптик жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгы А.Ф.Жаналиевге тапшырылсын.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|