Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 25-майындагы № АД-167/10 МД токтому
№ АД-167/10 МД иши көз. өнд. № 06-203/11 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында: төрагалык кылуучу: Д.Максимбекова (баяндамачы-судья), судьялар: К.Осмоналиев, Н.Арапбаев, сот отурумунун катчысы: Т.Бекенов, тараптарсыз, соттун ачык отурумунда жарандар А.Матазимовдун, Ж.Маматовдун Кызыл-Туу айыл округуна, Сузак райондук кыймылсыз мүлктөргө болгон укуктарды каттоо башкармалыгына карата Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-декабрындагы № 235 токтомун жана мамлекеттик актыны жарым жартылай жараксыз табуу арызы боюнча кабыл алынган Жалал-Абад областтык сотунун 2011-жылдын 25-февралындагы аныктамасына карата келтирген М.Сыргабаеванын даттануусун карады. Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 28-декабрындагы аныктамасы менен А.Матазимов жана Ж.Маматовдордун доо арызы боюнча сот ишин жүргүзүү токтотулган (төрагалык кылган: Айжигитов А.А.). Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 25-февралындагы токтому менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 28-декабрындагы аныктамасы бузулган, иш жаңы кароого ошол эле сотко жөнөтүлгөн. Доогерлер А.Матазимов жана Ж.Маматовдордун кассациялык арызы канааттандырылган (төрагалык кылуучу: Чаканов Э.С., судья: Каипова Н.К., баяндоочу-судья: Саматов А.А.). тапты: А.Матазимов жана Ж.Маматовдор Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна Кызыл-Туу айыл округуна, Сузак райондук Госрегистрине, кызыккан тарап М.Сыргабаевага карата Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-декабрындагы № 235 токтомун жана 2005-жылдын 1-ноябрындагы менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны жарым-жартылай 298-контурга которулган бөлүгүн жараксыз деп табуу арызы менен кайрылышкан. Ошондой эле сотко кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Биринчи жана экинчи инстанция соттор тарабынан жогоркудай соттук актылар кабыл алынган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|