Долбоор
Салык мыйзамын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 282-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтү салык мыйзамын сактоо маселелери боюнча эл аралык кызматташтыктын жана өз ара жардамдашуунун маанилүү экендигине таянып, салыктык укук бузуулардын алдын алууга, бетин ачууга жана бөгөт коюуга байланышкан милдеттерди натыйжалуу чечүү максатында, салыктык укук бузуулардын алдын алууда, бетин ачууда жана бөгөт коюуда бири-бирине кеңири көмөк көрсөтүүнү каалап, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Терминдердин аныктамасы
Бул Макулдашуунун максаттары үчүн колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет: «салык мыйзамдары» - Тараптын мамлекетинин аймагында салыктардын түрлөрүн жана аларды алуунун тартибин белгилөөчү жана салык милдеттенмелеринин пайда болушуна, өзгөрүшүнө жана токтотулушуна байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын жыйындысы; «салык мыйзамдарын бузуу» - укукка каршы аракет же арекетсиздик, ал салык төлөөчүнүн бюджет алдындагы юридикалык жоопкерчилиги белгиленген милдеттенмесин аткарбагандыгын же талаптагыдай эмес аткаргандыгын билдирет; «компетенттүү органдар - Тараптардын ыйгарым укуктуу салык органдары»: - Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы; - Азербайжан Тараптан - Азербайжан Республикасынын Салыктар боюнча министрлиги; «өтүнүч жиберген компетенттүү орган» - салык маселелери боюнча көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүү (мындан ары - кемөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүү) менен кайрылган Тараптын компететтүү органы; «өтүнүч жиберген компетенттүү орган» - көмөк көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчтү алган Тараптын компетенттүү органы
2-берене. Ушул Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|