Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-июлундагы № 378 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 7-июнундагы № 1982-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 2991-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
КР 2013-жылдын 30-майындагы № 86 Мыйзамы менен кабыл алынды
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамды колдонуу тармагы
1. Бул Мыйзам «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, керектөөчүлөрдүн укугун тамак-аш азыктарын маркалоо процессинде пайда болгон иш-аракеттерден коргоо жана керектөөчүлөрдү адаштырууга алып барган иш-аракеттердин алдын алуу максатында колдонулат. 2. Бул Мыйзам тамак-аш азыктарын маркалоого жана аны жазуу эрежесине коюлган милдеттүү талаптарды белгилейт жана Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөргө андан ары иштетүүсүз сатылуучу таңгакталган же коомдук тамак-аш ишканалары сатуучу тамак-аш азыктарына таркатылат. 3. Бул Мыйзамдын талаптары тамак-аш азыктарын даярдоо жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын чекене соодалоо чөйрөсүндө кызмат көрсөткөн бардык юридикалык жана жеке ишкерлер үчүн, ошондой эле бул Мыйзамдын талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары үчүн милдеттүү болуп эсептелет. 4. Бул Мыйзамдын талаптары коомдук тамак-аш жайларында жасалган тамак-аш азыктарына таралбайт.
Бул Мыйзамды колдонуу максаты үчүн төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: антикычкылдандыргыч - майлуу тамак-аш азыктарынын кычкылданып кетүү процессин басаңдатуу үчүн арналган тамак-аш кошумчасы; жыпар-жыт берүүчүлөр - жыпар-жыт берүүчү заттардын кошулмасынан турган тамак-аш азыгынын жытын жана даамын жакшыртуу үчүн кошулуучу тамак-аш кошулмасы; тамак-аш азыгынын коопсуздугу - тамак-аш азыгынын абалынын, адамга зыяндуу таасири менен байланыштуу, жол берилбеген коркунучунун жоктугун күбөлөндүрүү; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|