1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралары жөнүндө
КР Социалдык өнүгүү министрлигинин 2012-жылдын 19-апрелиндеги № 52 буйругуна ылайык күчүн жоготту
Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 66-жылдыгынын урматына, ошондой эле кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн баатырдыгын жана каармандыгын ызаатап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 180 «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралары жөнүндө» токтомун аткаруу боюнча буйрук кылам: 1. Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаменти: - 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку акчалай жөлөкпул 2011-жылдын 23-апрелине чейин Пландоо жана финансылоо башкармалыгына райондор жана шаарлар боюнча бир жолку акчалай жөлөкпул (мындан ары - жөлөкпул) төлөөнү финансылоого табыштаманы берсин; - 2011-жылдын 20-июнга чейин райондор жана шаарлар боюнча жүргүзүлгөн төлөөлөр жөнүндө жалпыланган отчетту даярдап, Пландоо жана финансылоо башкармалыгына берсин. 2. Пландоо жана финансылоо башкармалыгы: - 2011-жылдын 25-апрелине чейин Социалдык коргоо жана гуманитардык жардам департаментинин табыштамасына ылайык, райондук жана шаардык социалдык коргоо башкармалыктарына акча каражаттарын которсун; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|