Шейшеев А. Бишкек шаарынын Свердлов райондук адвокатурасынын адвокаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 12-январындагы № 4-0015 аныктамасына түшүндүрмө
Талас райондук сотунун 2010-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен Күчүков Союзбек Анаркулович, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 165-ст. 3-б. 3-п. Менен 9 жылга эркиндигинен ажыратылып мүлкү конфискацияланган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 165-ст. 3-б. 3-п. менен 9 жылга эркиндигинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланган, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 164-ст. 2-б. 5-п. менен 3 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-ст. 1-б. негизинде, кылмыштардын жыйындысы боюнча, белгилеген жазаларды жарым-жартылайын кошуу жолу менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылып мүлкү конфискацияланган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-ст. 4-б. негизинде белгиленген жазага мурдагы Талас шаардык сотунун 2009-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен белгиленген жазаны жарым-жартылай кошуу жолу менен 13 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылып мүлкү конфискацияланган. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 60-ст. негизинде өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча, белгиленген жазага мурдагы өкүм боюнча жазанын өтөлө элек бөлүгүн жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 14 жылга эркиндигинен ажыратылып мүлкү конфискацияланган. Жазасын катуу режимдеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 61-ст. Ылайык өкүм күчүнө киргенге чейин алдын ала камакта отурган бир күнү эки күнгө эсептелинип жаза өтөө мөөнөтүнө кошулган. Жаза өтөө мөөнөтү 2009-жылдын 20-мартынан баштап эсептелинген. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 16-ст. 3-б. 3-п. ылайык анын жасаган кылмыштары өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар деп таанылган. (судья Кулманбетов Т.К.). Талас областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 18-октябрындагы аныктамасы менен Талас райондук сотунун 2010-жылдын 25-мартындагы Күчүкөв С. жөнүндөгү өкүмү күчүндө калтырылган. (Төрагалык кылган Султаналиев М.И. баяндоочу судьялар: Калиева К.Д., Момуналиев А.Ж.). Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|