Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жөнүндө
Бул редакция 2009.08.10. өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин күчүндө болгон
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2007-жылдын 6-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Өз элчиликтеринин кыймылсыз мүлктөрү боюнча макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрүнүн Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу методдоруна жана механизмдерине карата Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен болгон сүйлөшүүлөрү жөнүндө ушул токтомго тиркелген отчету көңүлгө алынсын. 2. Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараттарынын комплексин куруу жана аталган курулушту контролдоочу консультантты аныктоо боюнча кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин. 3. Кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссиянын кыргыз бөлүгү ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тендерлик комиссиянын Түркия Республикасынын аймагында өткөрүлчү жыйынына катышсын. 4. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: - Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчисинин резиденциясы жана Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин кызматкерлери үчүн 8 квартиралуу турак үй менен кошо Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имаратынын түркиялык компания даярдаган долбоорун 2008-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин; - кыргыз-түрк биргелешкен тендерлик комиссияга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттикке ушул токтомдун 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чараларды аткарууга ар тараптуу жардам көрсөтсүн; - Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин имараттарынын комплексинин курулушун жалпы контролдосун. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|