«1997-жылга республикалык бюджет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. «1997-жылга республикалык бюджет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети жөнүндө
Кабылданган - «Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети жөнүндө» КР 1997-жылдын 4-январындагы № 2 Мыйзамын караңыз
Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети киреше боюнча 3347282,6 миң сом жана чыгымдар боюнча 5459324,6 миң сом, мунун ичинде учурдагы чыгымдардын бюджети - 517849,0 миң сом жана өнүктүрүү бюджети - 280827,6 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттин 1997-жылга кемтигинин жеткен чеги 1612042 миң сом суммасында белгиленсин. Республикалык бюджеттин кемтигин бүтөөгө төмөнкүлөр жумшалсын: - ички каржылоо булактары - 560000 миң сом суммасында; - тышкы каржылоо булактары - 1052042 миң сом суммасында.
1997-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүнүн эсебинен түзүлөөрү белгиленсин.
Салык органдар тарабынан алынуучу штраф жазасынын суммасы тийиштүү жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелерге карата белгиленген чегерүү нормативдери боюнча облустардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине эсептелээри белгиленсин.
1997-жылга бекитилген республикалык бюджеттин чыгымдары № 2 тиркемеге ылайык өлчөмдө иш чараларды каржылоого жиберилсин.
Көмүр өнөр жайын колдоого 50 млн. сом суммасындагы бюджеттик акча каражаттары ссуда түрүндө берилээри белгиленсин.
Ишканалар менен уюмдарга ссуда түрүндө берүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен 100 млн. сом республиканын тамак-аш өнөр жай ишканаларына, 50 млн. сом республиканын ишканаларына чийки затты сезондук сатып алууга, 20 млн. сом - экспортко багытталган ишканаларга берилээри белгиленсин. Аталган ссудалар республиканын ишканаларына жана уюмдарына мурда берилген ссудалардын кайтарылышынан түшкөн каражаттардын эсебинен жана чегинде берилээри белгиленсин.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|