Кыргыз ССР Жогорку Советинин 1979-жылдын 14-декабрындагы № 4372-IX регламенти
1-статья.
Кыргыз ССР Конституциясына ылайык Кыргыз ССР Жогорку Совети СССР Конституциясы жана Кыргыз ССР Конституциясы тарабынан Кыргыз ССРинин карамагына берилген бардык маселелерди чечүүгө укуктуу Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Кыргыз ССР Жогорку Советинин жана анын органдарынын ишинин тартиби ушул Регламент жана Кыргыз ССР Конституциясынын негизинде чыгарылуучу Кыргыз ССРинин башка закондору менен аныкталат.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин иши маселелерди коллективдүү, эркин, ишкердүү талкуулоонун жана чечүүнүн, маалымдуулуктун, Кыргыз ССР Жогорку Совети түзгөн органдардын ага дайыма отчет берип турушунун, мамлекеттик жана коомдук иштерди башкарууга граждандарды кеңири тартуунун, коомдук ой-пикирди дайыма эсепке алуунун негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз ССР Жогорку Советинин ишинин туруктуу жана натыйжалуу мүнөзү анын сессияларынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун, Кыргыз ССР Жогорку Советинин комиссияларынын жана анын депутаттарынын иши менен камсыз кылынат.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин өз полномочиелерин ишке ашырышы Кыргыз ССР Жогорку Советинин ар бир депутатынын анын ишине активдүү катышуусунун негизинде жүргүзүлөт. Депутат өз полномочиелерин өндүрүштүк же кызмат ишинен кол үзбөстөн иш жүзүнө ашырат. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутатына СССРдеги эл депутаттарынын статусу жөнүндөгү СССРдин Закону, Кыргыз ССР Конституциясы, ошондой эле ССР Союзунун жана Кыргыз ССРинин башка закон актылары тарабынан белгиленген өз укуктарын жана милдеттерин эч тоскоолдуксуз жана натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар камсыз кылынат.
II глава. Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиялары
4-статья.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиялары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму тарабынан жылына эки жолу чакырылат. Кезексиз сессиялар Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму тарабынан анын демилгеси боюнча же Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттарынын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндөгү сунуш анын кароосуна киргизиле турган маселелерди көрсөтүү менен Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумуна берилет. Кыргыз ССРинин жаңы шайланган Жогорку Советин Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мурдагы составы шайлоодон кийин эки айдан кечиктирбей чакырат.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|