Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин 2006-жылдын 19-майындагы № 72 буйругу
КР өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин 2006-жылдын 4-августундагы № 115 буйругуна ылайык күчүн жоготту
Министрликтин соода-экономикалык байланыштарын өркүндөтүү, экспорттук-импорттук операцияларын кеңейтүү, жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен тышкы экономикалык ишмердигин жана өз ара пайдалуу кызматташтыгын ыкчамдатуу максаттарында буйрук кылам: 1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин чет мамлекеттеги өкүлүнүн тиркелген Жобосу бекитилсин. 2. Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигине бекитилген тартипте ушул буйрукту каттоого жөнөтсүн. 3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинде катталгандан кийин күчүнө кирет. 4. Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлиги ушул буйруктун официалдуу жарыяланышы жөнүндө кабарландырылсын. 5. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин чет мамлекеттеги өкүлүнүн Жобосунун аткарылышынын көзөмөлдөөсү экспортту өнүктүрүү жана электрондук соода бөлүмүнө жүктөлсүн.
өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин 2006-жылдын 19-майындагы № 72 буйругу менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлү жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин (мындан ары-Министрлик) чет мамлекеттердеги өкүлү (мындан ары Өкүлү)өзүнүн ишмердүүлүгүн коомдук башталышта жүргүзүүчү, Кыргыз Республикасынын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн жана өз ара пайдалуу кызматташуусун ыкчамдатуучу тарап болуп саналат. 2. Өкүл өзүнүн ишмердүүлүгүндө эл аралык укуктун ченемдерин, Конституцияны, Мыйзамдарды, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, жайгашкан өлкөнүн мыйзамдуулугун сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка укуктук ченемдик актыларын, Министрлик жөнүндө Жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 800 тг
|