Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-октябрындагы № 672 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 12-январындагы № 1505-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынды
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1694-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
Кабыл алынган - КР 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамын караңыз
1-берене. «Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын жалпы техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2009-жылдын 9-июну, № 44) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - аталышындагы жана кириш сөзүндөгү «Жалпы техникалык» деген сөздөр «техникалык» деген сөзгө алмаштырылсын; - 2-беренеде: - 3-бөлүгүнүн алтынчы-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- Т категориясы - дөңгөлөктөрүндөгү же казтамандарындагы күч бергич түзүлүш менен кыймылга келүүчү, кеминде эки октуу, алардын иштеши негизинен тартуу кубаттуулугуна жараша болгон жана чиркеп сүйрөө, түртүү, ташуу же айыл же токой чарбада пайдалануу үчүн арналган тийиштүү түзүлүштөрдү же жабдууларды, машиналарды же чиркегичтерди кыймылга келтирүү үчүн арналган айыл чарба жана токой чарба тракторлору. Мындай тракторлор жүк жана адамдарды ташууга ыңгайлаштырылышы мүмкүн; - атайын арналыштагы жерде жүрүүчү транспорт каражаттар - М, №. Т же О категорияларындагы, аткаруу үчүн атайын ылайыкташтыруу же жабдуу керек болгон атайын функцияларды аткарууга арналган жерде жүрүүчү транспорт каражаттар;»; - 4-беренеде: 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражаттын атайын талаптарга ылайыктуулугун тастыктаган документ.»; 2-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы «сертификациялоо органына» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөр менен алмашылсын. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|