Республикада СССРдин эл депутаттарын шайлоого карата даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Секретары жолдош А.М.Мырзалиеванын бул маселе боюнча билдирүүсүн угуп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму шайлоо кампаниясы аяктоочу стадияга өтүп, ал эмгекчилердин эмгектик жана саясий активдүүлүгү менен мүнөздөлүп, социалисттик элдик бийликтин өнүгүшүнүн жаңы этабынын белгиси болуп калгандыгын белгилейт. Бул бир нече кандидатураны талкуулоодон, СССРдин эл депутаттыгына кандидаттарды жашаган жери боюнча чогулуштарда көрсөтүүдөн жана шайлоо иш-чараларынын СССРдин Конституциясына, СССРдин эл депутаттарын шайлоо жөнүндө законго ылайык жүргүзүлүшүнөн көрүнүүдө. Республикада (шайлоо алдындагы округдук чогулуштар курч талкуулоолордун, кызыккандыктын кырдаалында өттү. СССРдин эл депутаттыгына кандидиттардын программаларын талкуулашып, чогулуштардын катышуучулары ынанымдуу, иш билги, эмгекчилердин мүдөөлөрүн билген кандидаттарга артыкчылык беришти. Округдук шайлоо комиссиялары шайлоо округдарында көрсөтүлүшкөн 74 кандидатты каттоону аякташты. Жумушчу табынын, дыйкандардын, интеллигенциянын, советтик коомдук башка катмарларынын кыйла кадыр-барктуу өкүлдөрү кандидаттардан болуп калышты. Ошону менен бирге шайлоого карата даярдык көрүүнүн жүрүшү бир катар кемчиликтерди жана мүчүлүштүктөрдү көрсөттү. Советтик жана коомдук айрым уюмдар шайлоо жөнүндө Закондун принциптүү жоболорунун маңызын жана жаңылыгын, азыркы шайлоо кампаниясынын маанилүүлүгүн жана татаалдыгын түшүндүрүү боюнча иште оперативдүүлүктү жана туруктуулукту көрсөтө алышпады. Натыйжада эл депутаттыгына кандидаттарды көрсөтүү айрым эмгек коллективдеринде кеңири талкуулоосуз өттү. Шайлоочулардын жашаган жери боюнча чогулуштарында СССРдин эл депутаттыгына кандидаттарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө да кемчиликтср байкалды. Жергилктүү Советтер, округдук шайлоо комиссиялары шайлоочулардын аз келгендигинин айынан мындай чогулуштарды областтык борборлордо, шаарларда жана айыл жерлеринде өткөрө албай калышты. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|