Калкты тамак-аш азыктары менен жабдууну уюштуруу жана жакшыртуу боюнча эл депутаттарынын Түп, Өзгөн жана Чүй райондук Советтеринин ишинин абалы жөнүндө
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиуму Түп, Өзгөн жана Чүй райондорунда акыркы жылдарда калкты тамак-аш азыктары мекен жабдууга көбүрөөк көңүл бурулгандыгын белгилейт. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Пленумунун чечимдерине ылайык дыйканчылыктын жана мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди уюштурууга байланыштуу маселелер Түп жана Өзгөн райондук аткаруу комитеттеринде каралган. Иштелип чыккан чараларды аткаруунун жүрүшүндө бул жерлерде колхоздорго, совхоздорго жана агро өнөр жай комплексинин башка ишканаларына кадрлар менен иштөөдө, алдыңкы тажрыйбаны жана эмгекти уюштуруунун жаңы түрлөрүн анын ичинде ижаралык жана үй-бүлөлүк подрядды жайылтуу боюнча жардам көрсөтүлөт. Эл депутаттарынын айылдык Советтеринин аткаруу комитеттери чарбалардын жетекчилери менен биргелешип калктын өздүк чарбасында азык-түлүктөрдү өндүрүү үчүн шарттарды түзүп, анын ашыгын даярдоо боюнча көпчүлүк маселелерди негизинен чечишкен. Ошондой эле ишканалардын көмөкчү айыл чарбаларын өнүктүрүү, мамлекетке сатып алууну жана базар соодасын уюштурууну жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. 1988-жылга салыштырганда үстүбүздөгү жылы Түп жана Өзгөн райондорунда мамлекетке эт, сүт жана башка айрым тамак-аш азыктары көбүрөөк сатылган. Чүй районунда жумуртка сатуу боюнча тапшырма ашыра аткарылган. Мөмөлөр менен жашылчаларды кайра иштетүү боюнча сактоочу жайларды жана цехтерди куруу, минералдык сууларды куюп алуу, колбаса жана башка азыктарды чыгаруу боюнча иштер бардык жерде башталган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|