Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 148 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
Кабыл алынган - КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 147 Мыйзамын караңыз
1-статья. Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун (ИМБДУ) уюштурган Конвенцияга жана администрациялык функцияларын ИМБДУ аткаруучу башка келишимдерге карата 2003-жылдын 1-октябрында Женева шаарында кабыл алынган оңдоолор № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн оңдоолор ратификацияланганы жөнүндө Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы директоруна билдирсин.
2008-жылдын «__»_______ №__________Мыйзамына № 1 тиркеме
Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун уюштуруучу Конвенциясына оңдоолор
6-статья: Генералдык Ассамблея 7-статья: [алып салынды] 8-статья: Координациялык комитет 9-статья: Эл аралык бюро 11-статья: Финансылар 17-статья: Оңдоолор 20-статья: Корутунду жоболор 21-статья: Өтмө жоболор
6-статья. Генералдык Ассамблея
(1) (а) Ушул Конвенциянын мамлекет-тараптарынан турган Генералдык Ассамблея уюштурулат. (b) Ар бир мамлекеттин Өкмөтүнүн бир делегаты болот, анын орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери болушу мүмкүн. (с) Ар бир делегациянын чыгымдарын делегацияны дайындаган Өкмөт көтөрөт. (2) Генералдык Ассамблея: (i) интеллектуалдык менчик жаатында бардыгы үчүн олуттуу болуп саналтан маселелерди талкуулайт, жана Бирликтердин компетенциясы менен автономиялуулугун эске алуу менен ушундай маселелерге байланыштуу сунуштарды кабыл алалат; (ii) Координациялык комитеттин сунушу боюнча Генералдык директорду дайындайт; (iii) Генералдык директордун Уюмга тийиштүү отчетторун карап чыгат жана бекитет, жана ага бардык керектүү нускамаларды берет; (iv) Координациялык комитеттин отчетторун карап чыгат, бекитет жана анын ишмердүүлүгүн жактырат, ага нускама берет; (v) Бирликтер үчүн жалпы болуп саналган чыгымдардын эки жылдык бюджетин кабыл алат; (vi) Генералдык директор сунуш кылган, 4(iii)-статьясында каралган эл аралык макулдашмаларды ишке ашыруу боюнча администрацияга тийиштүү иш-чараларды жактырат; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|