Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген
КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1908-V токтомуна ылайык биринчи окууда кабыл алынган
КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3143-V токтомуна ылайык экинчи окууда кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомостору, 1996-ж., № 6, 80-б., 1998-ж., № 6, 226-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1.2-беренеде: 1) 3-бөлүктөгү «мыйзам актыларына» деген сөздөр «мыйзамдарга» деген сөздөр мемен алмаштырылсын; 2) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «4. Граждандык мыйзамдар ушул Кодекстен, ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан, ушул Кодекстин 1-беренесинин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, эл аралык келишимдерден турат. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган граждандык мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске шайкеш келиши керек.»; 3) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын; 4) 6-бөлүктөгү «4, 5-пункттарында» деген сөздөр «4-бөлүгүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 6-берене күчүн жоготту деп табылсын. 3. 20-берененин 1-бөлүгү «күндөөлүк жазуунун» деген сөздөрдөн кийин «почталык телеграфтык, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн» деген сөздөр менен толукталсын. 4. 23-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «3. Мыйзамдар менен белгиленген учурларды кошпогондо, жеке мүлктүк эмес байлыктар жана укуктар ээликтен ажыратылбайт жана башка ыкмалар менен берилбейт.». 5. 25-беренеде: 1) 1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «ипотека, сервитут жана күрөө жөнүндөгү» сөздөр «сервитут жана күрөө» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2) 4-бөлүктүн биринчи абзацы «катталган укуктар» деген сөздөрдөн кийин «, мамлекеттик жана коммерциялык сырларды камтыбаган маалыматтардан тышкары,» деген сөздөр менен толукталсын; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|