Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 29-августундагы № АД-74/10-МТ токтому
Иш АД-74/10-МТ Көзөмөл өндүрүшү № 6-243/11 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу судья: Осмоналиев К.Т. судьялар: Арстанбаева Д.Э., Арапбаев Н.М. катчы: Калиев Н. Тараптар: Д.Озубековдун катышуусу менен ачык соттук отурумда А.Доолоталиевдин Талас областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 24-августундагы чечимине, Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы аныктамасына көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды. Талас областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 24-августундагы чечими менен арыз канааттандырылып, Ак-Чий айыл округунун айылдык кеңешинин 2009-жылдын 19-ноябрындагы № 10-сессиясынын протоколу, 2010-жылдын 20-апрелиндеги кезексиз чакырылган 4-сессиясынын № 4-протоколу, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 21-ноябрындагы № 151-буйругу, 2010-жылдын 24-апрелиндеги № 21-буйругу жараксыз деп табылып, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынан республикалык бюджеттин пайдасына 10 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. (Төрагалык кылуучу судья Султанбеков К.) Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 18-ноябрындагы аныктамасы менен Талас областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 24-августуядагы чечими өзгөртүүсүз, ал эми А.Доолоталиевдин апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган. (Төрагалык кылуучу судья Ибраимов М.И. баяндоочу,судьялар: Маматбекова А.М. Момуналиеа А.Ж.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Н.Арапбаевдин баяндамасын, Д.Озубековдун жогоруда аталган көзөмөл тартибинде даттанууну канааттандыруусуз калтырып берүү жөнүндөгү пикирлерин угуп, соттук коллегия тапты: Арыз берүүчү Д.Озубеков Талас областынын райондор аралык сотуна Ак-Чий айыл округуна, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясына карата Ак-Чий айыл округунун айылдык кеңешинин 2009-жылдын 19-ноябрындагы № 10-сессиясынын протоколун, 2010-жылдын 20-апрелиндеги кезексиз чакырылган 4-сессиясынын № 4-протоколун, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын 2009-жылдын 21-ноябрындагы № 151-буйругун, 2010-жылдын 24-апрелиндеги № 21-буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен кайрылып, ага негиз катары жогоруда аталган протоколдор жана буйруктар мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендигин, А.Доолоталиев жогорку билимдүү болбосо дагы аны айыл өкмөт башчысы кызматка мыйзамсыз шайлап дайындашканын көрсөткөн. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|