Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 544-б буйругу менен жактырылды
Кыргыч Республикасынын Өкмөтү жана Индия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары бир тарап «Макулдашуучу Тарап» жана эки тарап «Макулдашуучу Тараптар» деп аталат), достук мамилелерди жакшыртуу боюнча эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен, дипломаттык паспорттордун ээлери үчүн Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы катташуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү каалоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты:
Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин жарактуу дипломаттык паспортуна ээ жараны тиешелүү эл аралык кирүү/чыгуу пункту аркылуу визасыз башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирип, чыгып жана аймак аркылуу транзит менен өтө алат. Макулдашуучу Тараптын биринчи мамлекетинин аталган паспортуна ээ жараны башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында максималдуу мезгил болгон 90 күн визасыз жүрө алат.
1. Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин жарактуу дипломаттык паспортуна ээ жана ал мамлекеттин башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинде жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана консулдук мекемесинин кызматкери болуп саналган жаранына башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүүсү үчүн виза тариздөө талап кылынбайт жана тиешелүү дипломаттык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекеменин суроо-талабы боюнча дипломаттык/расмий/кызматтык паспорттордун ээлерине келген күндөн кийин 90 күн ичинде алардын расмий түрдө туруу мөөнөтүнө резиденттин визасы берилет. 2. Өз мамлекетинин жана башка Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган Макулдашуучу Тараптын биринин мамлекетинин аталган паспортко ээ жараны бул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарга ээ болот. 3. Бул берененин 1 жана 2-пункттарында саналган эрежелер дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкеринин же эл аралык уюмдун өкүлүнүн жубайларына жана алардын багуусундагы балдарына, ата-энелерине карата да колдонулат, эгерде алар аталган категориядагы паспортторго ээ болсо же балдардын ата-энелеринин биринин паспортуна жазылган болсо.
Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|