Күзгү оруп-жыйуу иштеринин жүрүшү тууралуу
2010-жылдагы дан эгиндердин жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2011-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүүнү оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө, өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүнү камсыздоо максатында областтык мамлекеттик администрациясы токтом кылат: 1. 2010-жылы өстүрүлгөн дан эгиндердин жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноону, ошондой эле 2011-жылдын түшүмү үчүн күздүк дан эгиндерди себүүнү оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө өз убагында жүргүзүүнү ишке ашыруу райондордун мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айыл чарба багытындагы мекемелердин биринчи кезектеги милдети болуп эсептелсин. 2. Райондук мамлекеттик администрациялар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары жана айыл округ башчылары: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 2310,0 тонна дизелдик күйүүчү майды кыска аралыктын ичинде айылдык товар өндүрүүчүлөргө толугу менен тартып келүүнү аякташсын; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз жыйноону жана күздүк себүү иштерин өз убагында бүткөрүү максатында, баардык айыл чарба техникаларды жана транспорттук каражаттардын ремонту токтоосуз жүрүшү боюнча үзгүлтүксүз иштөөчү мобилдүү тейлөө кызматтарын уюштурушсун; - ар бир зона үчүн дан эгиндеринин түшүмүн жыйноонун графиктерине ылайык эгин оруп жыйуучу техниканын бир региондон башкасына эгиндин бышып жетилүү мөөнөттөрүн эске алуу менен өткөрүлүшүн камсыздашсын; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|