Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 17-октябрындагы № АД-29/11-МН токтому
Иш № АД-29/11-МН Көзөмөл өндүрүшү № 6-449/11 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында: төрагалык кылуучу: судья Осмоналиев К.Т., судьялар: Максимбекова Д.И., Арапбаев Н.М., катчы: Абышев Б.К., тараптар: Ж.Абдылдаев жана анын өкүлдөрү - Г.Сооданбекова (ишеним каты № 6097 17.10.2011-ж.), З.Жумагазиев (ишеним каты № 6093 17.10.2011-ж.), Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу К.Мукашов, Б.Тентиева, «Айыл-Банк» ачык акционердик коомунун өкүлү - А.Тамиликовдордун (ишеним каты № 06/11 03.01.2011-ж.) катышуусу менен, ачык соттук отурумда Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу К.Мукашовдун Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 26-апрелиндеги чечимине көзөмөл тартибинде келтирген даттануусу боюнча бул иш каралды. Нарын областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 24-февралындагы чечими менен арыз канааттандыруусуз калтырылып, арыз берүүчүдөн 10 сом мамлекеттик алым жана 100 сом соттук чыгымдар республикалык бюджеттин пайдасына өндүрүлгөн (төрагалык кылуучу: судья Акбекдиев М.Т.). Нарын областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 26-апрелиндеги чечими менен Нарын областынын райондор аралык сотунун 2011-жылдын 24-февралындагы чечими алынып салынып, иш боюнча жаңы чечим кабыл алынып, арыз канааттандырылып, Кочкор райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн 2011-жылдын 10-январындагы мүлктү ачык торгтон сатуу протоколу жараксыз деп табылып, апелляциялык арыз канааттандырылган (төрагалык кылуучу: судья Байышов М.Б., судьялар: Аббасов С.А., Амиракулова З.Т. баяндоочу). Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Н.Арапбаевдин баяндамасын, иш боюнча тараптардын пикирлерин угуп, соттук коллегия тапты: Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|