Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 12-октябрындагы № АД-149/10-МД токтому
Иш № АД-149/10-МД Көз./өнд. № 6-297/11 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы, курамында төрагалык кылуучу: судья Осмоналиев К.Т., судьялар: Арапбаев Н.М, Аманалиева Б.К., сот отурумунун катчысы: Абышев Б., тараптардын катышуусуз соттун ачык отурумунда М.Алибаеванын Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы чечимине карата келтирилген көзөмөл даттануусун карап, ал чечим менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 4-ноябрындагы чечими алынып салынып, доо арыз канааттандыруусуз калтырылган, Алибаева Майрамдан мамлекеттин пайдасына 15 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (судьялар: Чаканов Э.С., Сарыков Ю.С., Саматов А.А.) Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 4-ноябрындагы чечими менен доонун эскирүү мөөнөтү калыбына келтирилип, Аксы районунун Кара-Суу округунун 2010-жылдын 1-февралындагы № 7-буйругу жараксыз деп табылган, Кара-Суу айыл округунан мамлекеттин пайдасына 10 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн (төрагалык кылган: Айжигитов А.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Б. Аманалиеванын баяндамасын угуп, тапты: Арыздануучу Алибаева Майрам Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл округунун 2010-жылдын 1-февралындагы № 7-буйругун жараксыз деп таап берүү жөнүндөгү арызы менен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна кайрылган. Арызда талашылган буйрук менен Кара-Суу айылдык округунун башчысы Кара-Суу айылынын Кызыл-Көл участкасында арыз ээси күйөөсү менен бирге салышкан чоң үйдү кайын атасы Дүйшеналиев Жолдубайдын жеке менчигине өзүнүн ыйгарым укугунун чегинен чыгуу менен бекитип берген, турак жайга карата менчик укуктуу аныктоо, аны мыйзамдаштыруу, сотун гана ыйгарым укугуна кирет, андыктан аталган буйрук мыйзамга каршы келет жана жараксыз деп табылууга жатат деп көрсөтүлгөн. Арыз менен бирге аны сотко берүү боюнча процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү тапшырылган. Соттор тарабынан жогорудагыдай соттук актылар кабыл алынган. Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы чечими менен макул болбой. Алибаева Майрам Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл тартибиндеги даттануу менен кайрылып, анда аталган соттук актыны жокко чыгарып, Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 4-ноябрындагы чечимин күчүндө калтырууну сурайт. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|