Ф.Джамашева Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын Молдалиев Асанбектин, Мустапаев Кубанычбек Кедейматовичтен 3 баш музоо, 1 даана орус ээр, 13 баш алмашып алган козуну жана 4 баш гиссар козу кочкорлорду өндүрүп берүү жөнүндөгү доо арыз боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан кабыл алынган соттук актыга
Тоң райондук сотунун 2009-жылдын 30-январындагы чечими менен доогер Молдалиев Асанбектин доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган. Жоопкер Мустапаев Кубанычбек Кедейматовичтен, доогер Молдалиев Асанбектин пайдасына он беш баш ирик, сегиз баш чоң кой, тогуз баш козу бардыгы 32 баш өндүрүлгөн. Жоопкер Мустапаев Кубанычбек Кедейматовичтен мамлекеттин пайдасына 3900 сом мамлекеттик алым өндүрүлгөн. (судья: Балтабаев А.) Ысык-Көл облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 15-майындагы чечими менен Тоң райондук сотунун 2009-жылдын 30-январындагы чечиминин бир бөлүгү өзгөртүлүп, жаңы чечим кабыл алынган. Молдалиев Асанбектин Мустапаев Кубанычбек Кедейматовичтен 3 баш музоо, 1 даана орус ээр, 13 баш алмашып алган козуну жана 4 баш гиссар козу кочкорлорду өндүрүп берүү жөнүндөгү доо талабын канааттандыруудан баш тартылган. Мустапаев Кубанычбек Кедейматовичтен Молдалиев Асанбектин пайдасына 4547 (төрт миң беш жүз кырк жети) сом, мамлекеттин кирешесине 227 (эки жүз жыйырма жети) сом биринчи инстанциядагы соттук өндүрүш үчүн 113,5 (бир жүз он үч) сом 50 тыйын апелляциялык соттук өндүрүш үчүн мамлекеттик алым катарыңда өндүрүлгөн. Апелляциялык арыз жарым-жартылай канааттандырылган. (төрагалык кылуучу-баяндоочу: Асанбаев Б. С., судьялар: Абдыкадыров А.Т., Джаркимбаев О.К.) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 11-январындагы токтому менен Ысык-Көл облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2009-жылдын 15-майындагы ушул иш боюнча чыгарылган чечими бузулуп, иш ошол эле сотко жаңы апелляциялык кароого жиберилген. Молдалиев Асанбектин көзөмөл тартибиңдеги арызы жарым жартылай канааттандырылган. (төрагалык кылуучу: Акназарова К.К., судьялар: Жаманкулова Б.Т., Джамашева Ф.З.-баяндоочу) Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|