Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 17-майындагы № 05-221/10 С токтому
Жарандык иштер боюнча иш № 05-221/10 С
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы ачык соттук отурумунда Жороева Саткынайдын жана Нурбаева Данахандын Баткен областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 19-январь 2010-жылдагы аныктамаларына көзөмөл тартибинде келтирилген даттануусу боюнча ишин караган. Ал аныктамалар менен Кызыл-Кыя шаардык сотунун 4-декабрь 2009-жылдагы ушул иш боюнча аныктамалары алынып салынып, иштер кайра кароо үчүн Кызыл-Кыя шаардык сотуна жиберилген. Жеке даттануулар жарым-жартылай канааттандырылган. Иштин ичиндеги материалдарды изилдеп, көзөмөл даттануунун жана ага келтирген каршы пикирдин жүйөөлөрүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл тартибиндеги даттануулар төмөндөгүдөй негиздер менен жарым-жартылай канааттандырууга жатат деп эсептейт. Иштин материалдарына караганда Кызыл-Кыя шаардык сотунун 16-июль 2009-жылдагы чечими менен жоопкер М.Закировадан С.Жороеванын пайдасына 100 000 сом негизги карыз жана 78 000 сом үстөгү өндүрүлгөн. Аталган чечимдин негизинде 29-сентябрь 2009-жылы аткаруу барагы берилген. Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн улуу сот аткаруучу У.М.Мырзамамытовдун 19-октябрь 2009-жылдагы токтомунун негизинде 29-сентябрь 2009-жылы Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан берилген аткаруу барагы аткаруусуз кайтарылып берилген. Кызыл-Кыя шаардык сотунун 16-июль 2009-жылдагы чечими менен жоопкер М.Закировадан Д.Нурбаеванын пайдасына 125 000 сом негизги карыз жана 137 500 сом үстөгү өндүрүлгөн. Аталган чечимдин негизинде 29-сентябрь 2009-жылы аткаруу барагы берилип, 19-октябрь 2009-жылы сот аткаруучу тарабынан аткаруусуз кайтарылып берилген. Д.Нурбаева жана С.Жороева сотко чечимдердин аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө арыздар менен кайрылып, эки жарандык иш Кызыл-Кыя шаардык сотунун 5-февраль 2010-жылдагы аныктамасы менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 209-статьясынын талаптарына ылайык ишти караган сот ишке катышкан жактардын арызы боюнча тараптын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну кийинкиге калтырууга же мөөнөтүн узартууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|