Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы Б.Б.Карагулованын Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 5-октябрындагы иш № АД-44/09 МО иши к/ө № 06-00378/10 АД токтомуна түшүндүрмөсү
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 254-1-статьясынын 4-бөлүгүнө ылайык, курулуш курган жер участогун пайдаланып жаткан адамдын өзү билип курган курулушта менчик укугу сот тарабынан туура деп табылышы мүмкүн. Бирок, иш жүзүндө айрым учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар» жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, курулуш курган жер участогун пайдаланып жаткан адамдын өзү билип курган курулушта менчик укугун мыйзамдаштырып берген учурлар кездешет. Буга мисал катары төмөнкү ишти кароого болот. Кызыл-Октябрь Советинин Эл депутаттарынын аткаруу комитетинин 1988-жылы 24-июлда кабыл алынган № 43 чечими менен А.Акматовго турак жай куруу үчүн 0,08 га жер аянты бөлүнүп берилген, 1989-жылдын 9-ноябрында курулуш курууга жер аянтын чектеп берүү жөнүндөгү акт менен келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн жагдайды тактабастан, Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтү 2002-жылы 28-декабрда кабыл алынган № 158 токтомунун 12-пункту менен А.Акматовдун мурда менчигинде болгон турак-жайды жана 0,10 га жер аянтын өз менчигине мыйзамдаштырып бекитип берген. Аталган № 158 токтомунун 12-пунктун жараксыз деп табуу жөнүндө А.Акматов сотко арыз менен кайрылган учурда, Ош областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 4-мартындагы чечими менен А.Акматовдун арызы канааттандырылып, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2002-жылдын 28-декабрындагы № 158 токтомунун 12-пункту жараксыз деп табылган. Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2010-жылдын 2-июлундагы аныктамасы менен Ош областынын райондор аралык сотунун 2009-жылдын 4-мартындагы чечими күчүндө, ал эми кассациялык арыз канааттандыруусуз калтырылган. Г.Акматова жогоруда көрсөтүлгөн соттук актылар менен макул болбостон, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл даттануу менен кайрылган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 150 тг
|