Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2011-жылдын 2-ноябрындагы № АД-36/10 МТ токтому
Иш № АД-36/10 МТ Көз.өнд. № 6-355/11 АД
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы курамында төрагалык кылуучу: Арапбаев Н.М., судьялар: Алыбаева Н.А., Арстанбаева Д.Э., сот отурумунун катчысы: Абышев Б., тараптар: С.Мырзабаевдин, анын өкүлү Ж.Жолдошевдин, 2011-жылдын 25-августундагы ишеним катын негизинде, Чымгент айыл өкмөтүнүн, Чымгент айыл кенешинин - өкүлү Б.Жандаралиевдин, 2011-жылдын 27-октябрындагы ишеним каттардын негизинде, катышуусунда, соттун ачык отурумунда, Чымгент айыл өкмөтүнүн Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 25-мартындагы аныктамасына карата келтирген көзөмөл даттануусун карап, ал аныктама менен Чолпонбай айыл округунун милдетин аткаруучу А.Маткеримовдун Талас областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 4-июнундагы чечимине карата келтирген кассациялык даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызы канааттандыруусуз калтырылып, өтүп кеткен процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартылган (судьялар: Ибраимов М.И., Момуналиев А.Ж., Калиева К.Дж) тапты: Мырзабаев С. сотко Чымгент айыл округунун жана Чымгент айыл кенешинин арыздануучу ээ болгон 248,61 га. жер участогун алып коюу аракеттерин мыйзамсыз деп табуу жөнүндө доо арыз менен кайрылган. Талас областынын райондор аралык сотунун 2010-жылдын 4-июнундагы чечими менен С.Мырзабаевдин арызы канааттандырылган. Чымгент айыл округунун жана - Чымгент айыл кенешинин С.Мырзабаев ээ болгон 248,61 га жер участогун алып коюу аракеттери мыйзамсыз деп табылган. Чымгент айыл округу жана Чымгент айыл кеңеши С.Мырзабаевдин менчигине айыл чарба багытында пайдаланууга берилген 35 га. жер аянтын берүүсү милдеттендирилген. Чымгент айыл округунан 10 сом мамлекеттик алым республикалык бюджетке өндүрүлгөн. (Бекмурзаев А.Т.) Талас областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы жогорудагыдай соттук акты кабыл алган. Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|