Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 5-б буйругу менен жактырылган
Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө умтулушуп, жарандык коргонуу коркунучтуулугун түшүнүшүп, жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу тармагындагы кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин бакубат турмушуна жана улуттук коопсуздугуна жардам берээрин моюнга алуу менен, өзгөчө кырдаалдардын Тараптардын мамлекеттери үчүн коркунучтуулугун түшүнүшүп, жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында илимий-техникалык маалыматтарды алмашуунун Тараптардын мамлекеттери үчүн пайдасын эске алышып, Тараптардын биринин күч-каражаттары менен жоюуга болбоочу өзгөчө кырдаалдардын болуу ыктымалдыгын жана андан улам өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу максатында эки мамлекеттин координацияланган иш-аракеттери зарыл болоорун көңүлгө алышып өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын ролун эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Бул Келишимде пайдаланылчу терминдер
Бул Келишимде пайдаланылчу терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ: Суроочу таран - экинчи Тарапка жардам көрсөтүүчү адистердин тобун, тийиштүү жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды жиберүү жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылган Тарап; Берүүчү тарап - экинчи Тараптын жардам көрсөтүүчү адистердин тобун, тийиштүү жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды жиберүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган Тарап; компетенттүү орган - ар бир Тараптан ушул Келишимди ишке ашырууга байланышкан иштерди жетектөө жана координациялоо үчүн дайындалуучу орган; жардам берүүчү топ - берүүчү Тараптын жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаал болгон зонада иш жүргүзүү үчүн жетиштүү керектүү жабдуу менен камсыздоо максатында уюштурулган адистеринин тобу; Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Чтобы продолжить, выберите ниже один из вариантов оплаты
Доступ к документам и консультации
от ведущих специалистов
Вы можете купить этот документ
Как купить документ? 400 тг
|